Жогорку Кеңеш Кореядан кайтарымсыз жардам алууга байланышкан мыйзам долбоорун кароодо

Парламентте бүгүн, 28-майда кыргыз өкмөтү менен Түштүк Корея өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам долбоору боюнча экономика министринин орун басары Санжар Мукамбетов баяндама жасады. Айтымында, кайтарымсыз жардам акча түрүндө эмес, жабдуу түрүндө берилет. Буга чейин экономика министри Темир Сариев Бишкекте эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин өкүлчүлүгү ачылганы жатканын билдирип, ага шарт түзүүгө акча тартылып жатканын айткан эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан