Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы №6-түзөтүү колониясында күзөттө турган катардагы аскер өзүн-өзү атып каза болду. Мындай билдирүүнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары Эсенбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, 10-январь күнү саат 16:12де катардагы аскер өзүн өзү аткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Белгилүү болгондой, №4-күзөттө турган катардагы жоокер Сапар уулу Темирлан өзүн өзү Калашников автоматы менен көкүрөк тушка атып алган. Окуя болгондон 7 мүнөттөн кийин райондук ооруканага жеткирилип, жоокер реанимация бөлүмүндө каза болду.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын буйругу менен окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Аскер прокуратурасынын дарыгери тарабынан колониянын күзөтүндөгү башка бардык кызмат өтөөчүлөрдүн денесин текшерүү болуп, 58 кишинин эч биринин денесинде көгөргөн, ур-токмоктон калган издер чыккан жок. Сапар уулу Темирлан 2012-жылдын күзүндө кызмат өтөөгө келген. Учурда бул иш боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.