Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында депутаттар “2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңешинин катчылыгынын каржы эрежелери боюнча макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Маселе боюнча баяндама жасаган каржы министри
Ольга Лаврова түрк тарап 2017-жылга чейин аталган уюмга Кыргызстандын мүчөлүк акысын жабууга даяр экенин билдирди.
Депутат Исмаил Исаков бул маселени парламентте карабай эле, көрсөткөн колдоосу үчүн түрк тарапка ыраазычылык гана айтып коюу жетиштүү болорун айтып чыкты.