Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңешинин катчылыгында кыргызстандык 2 адам иштейт

Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңешинин катчылыгында кыргызстандык 2 жаран иштейт. Муну парламенттин 28-майдагы жыйынында каржы министри Ольга Лаврова билдирди. Депутаттардын "Аталган кеңештин катчылыгында жалпы канча адам иштейт?" деген суроосуна министр так маалымат бере албай турганын айтты. Айта кетсек, түрк тарап 2017-жылга чейин аталган уюмга Кыргызстандын мүчөлүк акысын төлөп бергени жатат. 

Жыйында депутат Дастан Бекешев "арзыбаган мүчөлүк акыбызды Түркиянын төлөп жатканы уят" деген пикирин билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан