“Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруудан корккудай ал коркунучтуу адам эмес”,- деп билдирди абакта жаткан Ахматбек Келдибековду коргоо комитетинин мүчөсү Чыныбек Абдыкапаров. Мындай пикирин бүгүн, 28-майда маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Ахматбек Келдибековду абакта кармап отурууга негиз жок.
“Депутат Келдибеков жарым жылдан бери абакта отурат. Бул жарамсыз чара деп ойлойбуз. Себеби аны кылмыш жасап жаткан жеринен колго түшүрүшкөн эмес. Ахматбек министрлик кызматтарга чейин иштеген. Бирок ак, таза иштеген. Ал эми ал башкаларчылап Кыргызстандан качып кетүүгө аракет кылган эмес. Саясий куугунтукка дуушар болду десек жаңылыштык кылбайбыз”,- деди Чыныбек Абдыкапаров.
Эскерте кетсек, учурда Алай районунда депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары анын бошотулушун талап кылып Ош - Эркеч-Там унаа жолун жаап турушат.