Парламентте бүгүн, 28-майда “2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңешинин катчылыгынын каржы эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Бул маселе боюнча каржы министри Ольга Лаврова баяндама жасап, макулдашууга мамлекет башчылары кол коюшканын билдирди. Депутаттардын сынынан кийин министр сөзүн оңдоду. "Бул макулдашууга мамлекет башчылары кол койбоптур" деп, бирок кимдер тарабынан кол коюлганын айта албай калды. Мындан кийин депутат Мыктыбек Абдылдаев "Кандайча билбейсиз? Даярданып келиш керек, балким, таптакыр эле бөлөк адам кол койгондур..." деп сурады.
Лаврова жыйынтыгында бул макулдашууга өкмөт башчылары кол койгонун кошумчалады.
Мыйзам долбоору 3 окууда добуш берүүгө жиберилди.