Чыныбек Абдыкапаров “Ахматбек Келдибеков бийликтин буйругу менен абакта кармалып жатат” деди

Ахматбек Келдибековду коргоо комитетинин мүчөсү Чыныбек Абдыкапаров бүгүн, 28-майда маалымат жыйынында “Ахматбек Келдибековду абакта кармоого башкы прокурор Аида Салянова эмес, Ак үй буйрук берип жатат” деп билдирди.

Ал депутатты үй камагына чыгарып коюп, тергөө ишин каалаганча тергөөгө алса болорун айтты.

Ахматбек Келдибековду Аида Салянованын эмес, бийликтин буйругу менен абакта кармап жатышат. Эсиңиздерде болсо, башкы прокурор Салянова “Келдибековду убактылуу камакка алдык” деп айткан. Мына ошондо "тергөө бүткөнчө митингди токтотуп тургула" деген чечимге келген болчубуз. Кечээ жакында прокурор “депутаттын тергөө иши бүттү” деп билдирди. Анда аны камоонун эмне кереги бар, абакта кармоону эмне үчүн дагы бир айга узартып койду? Мына ошон үчүн Алайда эл кайра көтөрүлдү”,- дейт ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан