Каракол шаарында шектүү акциздик марка менен ири көлөмдөгү алкоголдук продукция алынды

Каракол шаарында жүргүзүлгөн рейддин алкагында салык кызматкерлери тарабынан шектүү акциздик марка менен ири көлөмдөгү алкоголдук продукция алынды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.

Маалыматка караганда, анда жалпы 3008 бөтөлкө спирт ичимдиги алынган. Алардын ичинен 2424 бөтөлкө “ВинГрад” ишканасына, 584 бөтөлкө “КыргызАлкоТрейд” ишканасына тиешелүү болгон. Учурда материалдар топтолуп, чара көрүү үчүн УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан