Ош. Куршаб айылында жергиликтүү эл менен кытай жарандары элдешти

8-декабрь күнү Өзгөн районунун Куршаб айылында "Кемин-Датка узловая" электр чубалгысын куруп жаткан кытайлык TWEA компаниясынын ишкерлери менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда уруш чыгып, 18 кытай жана 3 кыргыз жараны ар түрдүү жаракаттар менен ооруканага жаткырылган эле. Бул чырга эки тарап тең күнөөлүү экенин моюндарына алып, бүгүн элдешүү салтанатын өткөрүштү. Кечирим суроо кечесине КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков да катышып, кытай ишкерлери тарабынан курулуп жаткан электр чубалгысы 28 миллиард сомдук көмөк чордон экенин баса белгилеп, эки тарап бирин-бири түшүнүү менен иш алып барышын, кытай жарандары Кыргызстандын үрп-адатын жана мыйзамын сыйлашын, ал эми кыргыз жарандары аларга колдоо көрсөтүп, жардам берип турушун суранды. Ал эми TWEA компаниясынын аткаруучу директору Лю Хи мырза жалпы элден кечирим сурап, бул жаңжал станциянын курулушуна жана эки элдин ортосундагы мамилеге таасирин тийгизбесин айтып, жергиликтүү элден станцияны туташтыруучу темирлерди жана аларга тартылуучу зымдарды уурдабоону суранып, аларды кайра Кытайга заказ берип алдырганча бир канча убакыт сарпталарын баса белгиледи.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан