Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында Кыргызстанда дипломатиялык жана кызматтык паспортту берүүдө, колдонууда жана кайтарып берүүдө мыйзам бузгандарга карата жазаны күчөтүү маселеси каралды. Жыйында депутат Турсунбай Бакир уулу элге ак эмгек өтөгөн мамлекеттик кызматкерлердин көзү өткөндөн кийин алардын дипломатиялык паспортун кайтарып албоону сунуштап чыкты.
“Атайлап дипломатиялык паспортун бербей койгондор боюнча сөз жок. Бирок өмүр бою элге ак кызмат кылгандардын көзү өткөндөн кийин паспортторун албай эле коёлу. Бул анын үй-бүлөсү үчүн катуу тийиши мүмкүн. Балким, аны үй-бүлөлүк архивге сакташы да мүмкүн”,- деди депутат.
Тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев сунуш эске алынарын айтты.