Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева Баткенде 7-майда болгон кыргыз-тажик жарандарынын жаңжалына Кыргызстандын ички аскерлеринин барбаганын айтып чыкты. Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиевге кайрылган депутат: “Жаңжалда ички аскерлер керек болду. Эгер ошол кооптуу аймакка алып бара албасаңар эмне үчүн аларды Куралдуу күчтөргө өткөрүп бердиңер?”- деди.
Бактыбек Жусубалиев аталган жаңжалга ички аскерлер барганын айтты.