Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын курамынан бир катар депутаттар чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда аталган фракциянын катчылыгы билдирди.
Маалыматка таянсак, өздөрүнүн каалоосу менен депутаттар Алтынбек Сулайманов, Исхак Пирматов, Нурбек Мурашев, Абдыжапар Бекматов фракциянын курамынан чыгарылганы айтылды. Андан сырткары депутаттар Акылбек Эшимов менен Нурбек Алимбеков “Республика” фракциясынын жобосун бузгандыгы үчүн курамдан чыгарылды.