Элибизде "күлүктүн баркын жүргөндө билесиң, жакшынын кадырын өлгөндө билесиң" деген накыл сөз бар. Биз кыргыз рухун туу тутуп, замандын кандай гана оомал-төкмөл мезгили болбосун, өзүнүн жарандык, атуулдук сапатын бийик сактаган, ошонусу менен кыргыз рухунун залкар тоосу катары көрүнгөн улуу инсандын элесине дагы бир жолу таазим кылып отурабыз.
Дооронбек Садырбаев дегенде биздин көз алдыбызга, биздин ой-туюмубузга өлкөбүздүн саясий жана маданий өнүгүүсүнүн өзүнчө бир доору келет. Бул улуу инсандын кыргыз кинематографиясынын, телекөрсөтүүсүнүн өнүгүүсүнө өзгөчө из калтырган көркөм-эстетикалык жагынан өтө терең кинотасмаларын айтпаганда да, эч нерседен тартынбай, улут үчүн, анын эркиндиги үчүн кара жанын берүүгө да даяр тургандыгы, үлгү болчу жүрүм-туруму менен гана эмес, ошондой эле өзүмчүл бийликтин үстөмдүгүнө баш ийбей, өзүнүн жарандык позициясын бекем тутканы, ошонусу менен саясатчылардан баштап улуттук интеллигенцияга таалим-сабак болгонун айтуу бүгүн өзгөчө маанилүү. Анткени кандай гана улут болбосун, коомдук өнүгүүнүн бардык баскычтарында дал мына ушундай улуу инсандарга муктаж болуп келген жана мына ушундай инсандарды жаратып турган",- деген төрага маркум Дооронбек Садырбаевдин тарыхтан алган орду боюнча узак сөз кылды.