Сокулук районунда зордуктоо фактысына шектелип 4 жаран кармалды

Сокулук районунда зордуктоо фактысына шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 27 жаштагы Токмок шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 27-май күнү чала тааныш 4 адам күч колдонуп зордуктап салышканын айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, анын натыйжасында Ош облусунун 1988-1989-жылдары туулган эки тургуну, ошондой эле 1986-1987-жылдары туулган жергиликтүү эки тургун кармалган. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан