Бишкек шаарынын Свердлов районунда уурулук фактысына шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда уурулук фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1994-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал “Айчүрөк” соода борборунан баасы 4000 сомдук эки сумка уурдалгандыгын айткан. Бул боюнча жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде 1977-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан