Эртең, 29-майда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Казакстанда өтүүчү Астана саммитине катышууга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, саммитке Орусия, Казакстан жана Беларусь президенттери катышат. Алар Евразия экономикалык биримдигин түзүү тууралуу келишимине кол коюшмакчы. Саммитте Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши тууралуу жол картасынын кабыл алынышы күтүлүүдө.
Эске салсак, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасын өкмөт жана парламенттеги Эл аралык иштер боюнча комитети колдогон.