Аламүдүн районунда тапанчадан ок чыгарган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 25-май күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Аламүдүн айылында бир жарандын ок атуучу курал алып жүргөнү айтылган. Окуя болгон жерге күч органдары барышып, иликтөөнүн жүрүшүндө саат 13:00 чамасында 65 жаштагы жаран жергиликтүү тургунду карай таш ыргытып, андан соң тапанчадан бир канча ок чыгарганы белгилүү болгон. Учурда аталган жаран кармалып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.