Бүгүн Бишкекте Чек арачылар күнү жана Кыргызстандагы Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы белгиленди (фоторепортаж)

Бүгүн, 28-майда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Чек арачылар күнү жана КРнын Чек ара кызматынын 15 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы, полковник Райимберди Дүйшөнбиев катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Мындан тышкары КРнын Чек ара кызматынын параддык эсебинин 50 чакты аскери катышты.

Генерал-майор А.Алымкожоев өз сөзүндө чек арачылар менен сыймыктанарын белгиледи. “Чек ара аскердик туугандыкты бекемдөөгө чоң салым кошот. Бүгүнкү күнү мамлекеттин жетекчилиги тарабынан чек арачыларга керектүү шарттарды түзүүгө чаралар көрүлүүдө”,- деди ал.

Райимберди Дүйшөнбиев: “15 жыл анча узак эмес убакыт болгонуна карабастан, Чек ара кызматында бир топ жакшыртуулар байкалууда. Биз мамлекеттик чек арада коопсуздукка коркунуч келтирген экстремисттик күчтөр менен күрөшүүдө бир топ ийгиликтерге жеттик”,- деди.

Андан соң КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын мыкты кызматкерлери баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чара аскердик ансамблдин концерти жана сый тамак менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан