Парламентте “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда
Парламентте бүгүн, 28-майда “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Талант Узакбаевдин айтымында, мыйзам долбоорун башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алуу менен эл аралык эксперттер иштеп чыгышты. Ага ылайык, ветеринария тармагында абалды жакшыртуу боюнча кадамдар жасалат. Анын бири: бир аймакта мал оорусу чыкса, андай оорусу жок башка облустардагы малдын этин сыртка экспорттой берүүгө болот. Бүгүнкү күндө мындай мүмкүнчүлүк жок экени айтылды.