Депутаттар "каралып жаткан мыйзам долбоорун окубаптыр" деп өкмөт өкүлү Азизбек Шакировду сынга алышууда

Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Демилгечи депутат Талант Узакбаев бул мыйзам менен ветеринардык палата түзүү, мал доктурлардын жоопкерчилигин күчөтүү, мал оорулары катталган учурда мал оорулары жок аймактардагы мал эттерин экспорттоого жол ачуу жагы каралып жатканын айтат.

Демилгеге өкмөттүн алдындагы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Азизбек Шакиров каршы.

Шакировду демилгечи депутат сындап чыкты. “Бул киши өзү мыйзамды окуп чыккан эмес, бирөөлөр башын айлантып бул жерге алып келишти. Бул мыйзам долбоору боюнча 12 коомдук угуу өттү. Орой айтканда, бүгүн Шакиров түшүнөн чочугандай болууда. Эгер мыйзам элге, мал доктурларга керек эмес болсо, мен азыр баш тартууга даярмын”,- дейт депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан