Жогорку Кеңеш Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоого банктан 100 миллион доллар алуу боюнча макулдашууну ратификациялады

Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун боюн жарыктандыруу жана трассаны кеңейтүү демилгеси ЖКнын 28-майдагы жыйынында каралып, мыйзам долбоору 3-окууда кабыл алынды. Мыйзамга каттоодон өткөн 92 депутаттын баары "макул" деп добуш беришти. Азия өнүктүрүү банкынан алынган акчага Бишкек - Кара-Балта шаарларынын ортосундагы 52 чакырым унаа жолду жаңылоого 100 миллион доллар жумшалары айтылууда. Жолдун 9 чакырымы 6 тилкелүү, 41 чакырымы 4 тилкелүү болмокчу. Мындан сырткары жээгинде 3-4 метр кеңдиктеги тротуар курулат. Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан