Каракол шаарынын мэриясы 2012-жылы биринчи жолу бюджетин ири суммада үнөмдөдү. Бул тууралуу аталган шаардык кеңештин төрайымы Акылсайра Жумабекова билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы шаардык бюджет 233 миллион сомду түзгөн. Белгилүү болгондой андан 22 миллион сом үнөмдөлдү. “Үнөмдөлгөн акча эмнеге сарпталары белгисиз, аны шаардык кеңештин жамааты чечет. Буга чейин мындай көрүнүш болгон эмес”, - деп кошумчалады төрайым. Каракол шаарынын 2013-жылга бюджети ушул жылдын март айында кабыл алынат.