Жогорку Кеңеш Бишкек шаарында 2013-жылдын 13-августунда кол коюлган Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча өкмөт менен "Сауд" өнүктүрүү фондунун ортосунда насыялык макулдашууну ратификациялады. ЖКнын 28-майдагы жыйынында тийиштүү мыйзам долбооруна 92 депутат "макул" деп добуш берди. Буга чейин транспорт жана коммуникация министринин орун басары
Абдимамат Мурзабеков билдиргендей, узундугу 199 чакырым жол инвестиция тартыла турган эл аралык маанидеги жолдордун бири. Долбоорго Талас шаарынын негизги жолу да кошо камтылып, курулуш иши кийинки жылы башталат.