Молдовадан келген депутаттар Жогорку Кеңеш менен таанышууда

Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынына Молдова парламентинин депутаты Олег Газаков менен Молдовада жашаган гагауз элинин "Аркалык" коомдук бирикмесинин төрагасы Леонид Добров катышып, кыргыз парламентиндеги талкуунун жүрүшү менен таанышууда.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан кыргыз парламентинин ишине алыскы Молдовадан кызыгуу артып келген меймандарга ыраазычылык билдирүү менен алардын эл өкүлчүлүк ишинде ийгиликтерди каалады.

Жээнбеков гагауздар да түрк тилдүү элдер тобуна кирерин айтып, алардын боордош кыргыз эли менен алаканы арттыруу аракети колдоого аларлык экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан