Мамбетжунус Абылов: "Алайлыктардын митингге чыгышына Ахматбек Келдибеков каршы”

Алайда депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге өз демилгелери менен чыгып жатышат. Бирок Келдибеков мындай акцияга каршы. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов маалымат жыйынында билдирди.

Абылов Ахматбек Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы катары Алайда Ош - Эркеч-Там жолун тоскондор жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугуп, талаптарын укпаса, жол ачылбай турганын айтты. “Эгерде талаптар орундалбаса, эл өзүнүн таасирин көрсөтөт”,- дейт ал.

Жыйынга катышкан комитет мүчөлөрү коюлган талаптар орундалбаса, Бишкекте митинг өткөрүүгө аракет кылышарын кошумчалашты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан