Кыргызстан менен Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар учурунда бирге аракеттенүүсү боюнча макулдашууну Жогорку Кеңеш ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 28-майда КРнын Өкмөтү менен Тажикстан өкмөтүнүн ортосундагы "Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып, кабыл алынды. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, бул эл аралык келишимде табигый кырсыктар болгон учурда жана алардын кесепеттерин жоюунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын бири-бирине жардам берүү шарттары камтылган. "Мыйзам долбоору эки тараптуу ратификацияланууга тийиш. Тармактык комитеттер тарабынан берилген бардык сунуштар эске алынды",- дейт ал.

Кабыл алынган мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан