"Жеке ветеринарлар пара бермек тургай өздөрү шымы жок жүрүшөт" дешти депутаттар
Жогорку Кеңеште бүгүн, 28-майда "Ветеринария жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда. Демилгечилер бул мыйзам менен ветеринардык палата түзүү, мал доктурлардын жоопкерчилигин күчөтүү, мал оорулары катталган учурда мал оорулары жок аймактардагы мал эттерин экспорттоого жол ачуу жагы каралып жатканын айтат. Депутаттар "Ветеринардык палата коррупциялашкан органга айланып кетпейби?" деп суроо беришти эле, депутат Талант Узакбаев"Ал палатага жеке ветеринарлар кирет. Анан кайдагы коррупция? Алардан пара сурап көргүлөчү... Пара бермек тургай өздөрү шымы жок жүрүшөт" деп жооп берди.