Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдө өзгөчө кырдаалдар болгондо көмөктөшүүнү өнүктүрүү маселеси парламентте колдоо тапты

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында "Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда чукул кырдаалдарды жоюуга жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү" жөнүндө 2005-жылдын 26-октябрындагы макулдашууга карата протокол ратификацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун билдиришинче, сунушталып жаткан мыйзам долбоору ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдарды жоюуда колдоо, жардам жана көмөк көрсөтүү, анын ичинде мамлекеттердин-тараптардын биринин аймагында өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда өз ара жардам көрсөтүү жаатында кызматташтыкты жана коопсуздукту өнүктүрүү максатында иштелип чыкты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан