Өткөн жылы Жалал-Абад облусунда 23 миң 138 киши жаңы жумуш оруну менен камсыз болду. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдирди. Мындан сырткары аймакта кичи жана орто бизнести өнүктүрүү максатында ишкерлерге 16 миллион 600 миң сом насыя, 329 тургунга 10 миллион 190 миң сом жеңилдетилген насыя берилгенин кошумчалады өкүлчүлүк.