Жогорку Кеңеш бүгүн, 28-майда өкмөт менен Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун ортосундагы "Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө" меморандумду ратификациялады. Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин билдиришинче, демилге ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактоо кампаларын жаңылоого, ок-дарыларды сактоо ишине катышы бар адистердин билимин көтөрүүгө багытталган. Бул долбоорду ишке ашырууга ЕККУ 2 миллион 200 миң евро суммасында гранттык каражат бөлөт.