Ош - Эркеч-Там унаа жолун курууда коррупциялык схемалар аныкталды

Ош - Эркеч-Там унаа жолун курууда коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.

Маалыматка караганда, курулуш иштери 2007-жылы КРнын Транспорт жана байланыш министрлиги жана “Копри-Текар” түрк компаниясынын ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлгөн. Курулуш иштеринин соңунда атайын комиссия тарабынан кабыл алынып, "Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолу" башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Долбоордогу келтирилген кемчиликтерди аныктоо жана тактоо максатында жүргүзүлгөн текшерүүнүн негизинде Ош - Эркеч-Там унаа жолун курууда баалар жогорулатылып көрсөтүлгөн. Анын кесепетинен 506 миң доллардан ашык зыян келтирилген. Учурда “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
acer11
2014-05-28 16:57:27
Убагында текшербей эмне жумуш кылышат убакыт откондон кийин эмне кылат текшерип
0
madina.87
2014-05-28 17:52:52
ошондо ким куноолуу?
0
nurkasym-2014
2014-05-28 19:23:52
Биздин бийликтин иши озунчо эле бир шоу саясат десек болчудай.Же партиялардын саясат бизнесиби.
0
misha00
2014-05-28 23:10:08
ошол кездеги жетекчиси же бироосу бийлике тике суйлоп койсо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан