Кыргызстандагы калдык сактоочу 2 жайдын коопсуздугун бекемдөө үчүн Орусиядан 500 миллион рубль алуу демилгесин 28-майда парламент 1-окууда жактырды. Өзгөчө кырдаалдар министри
Кубатбек Бороновдун айтымында, алынган акчага “Миң-Куш” жана “Кажы-Сай” калдык сактоочу жайындагы коопсуздукту бекемдөө аракеттери көрүлөт.
Министр өлкөдө калдык сактоочу 92 жай бар экенин, анын 33ү кооптуу абалда экенин айтты.