Ошто баласын 70 миң сомго саткан эне жана ага ортомчу болгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгы бүгүн, 28-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун 1987-жылы туулган Н.М. аттуу жашоочусу 2014-жылдын февраль айында 5 айлык баласын 70 миң сомго сатып жиберген. Сатып жибергендиги боюнча маалымат 8-майда милиция кызматкерлерине келип түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө 26-май күнү баласын сатып жиберген эне жана ага ортомчулук кылган Кара-Суу районунун тургуну, 1958-жылы туулган А.М. кармалды. Учурда алар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурушат. Ымыркайдын энесинин айтымында, турмуштан кыйналып, карызы көбөйүп кеткендигинен ушундай жолго барган. Анын биринчи турмушунан бир баласы бар.