Бишкекте Польша элчилигинин кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкекте Польша элчилигинин кызматкеринин катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Байтик баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда Хонда Аккорд унаасы менен Польша элчилигинин кызматкери 42 жаштагы З.Анын башкаруусундагы дипломатиялык Ауди унаасы сүзүшкөн. Бактыга жараша, андан эч ким жабыркаган эмес. Учурда материалдар топтолуп, Жол-кайгуул кызматынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан