18 жаштагы жаран тоноочулукка шектелүүдө. Бул боюнча бүгүн, 28-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, 1996-жылы туулган Бишкек шаарынын Арзымат аттуу тургуну "22 жаштагы Мухамед аттуу жарандын уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алган" деп шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.
Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.