Алмазбек Атамбаев: “Дооронбек Садырбаев эсибизде кинорежиссёр, жазуучу, артист катары гана эмес, кыргыз элинин чыныгы атуулу катары сакталып калды”

Бүгүн, 28-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда КРнын Президентинин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев Кыргыз Эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышып, өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун окуп берди. Кайрылууда булар айтылат:

Урматтуу мекендештер!

Дооронбек агабыздын арабыздан кеткенине алты жыл болду. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл артисти, белгилүү кинорежиссёр, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок экен.

Дооронбек Садырбаев эсибизде таланттуу кинорежиссёр, жазуучу, артист, акын катары гана эмес, кыргыз элинин чыныгы атуулу, мекенчил инсан катары сакталып калды.

Дооронбек агабыз кыргыз улуттук маданиятынын жана киносунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, башкача айтканда, 86дан ашуун тасма жараткан. Көптөгөн китептердин, публицистикалык макалалардын автору.

Агабыз турмуштун бардык оорчулугун көтөрүп, өз мээнети, ак эмгеги менен бийик даражага жетишкен. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты катары чындыкты бетке айтып, терс көрүнүштөргө каршы туруп, өлкөнүн тагдыры, элдин келечеги үчүн күрөшүп келген.

Дооронбек агабыздын өмүр жолу, жасаган эмгеги - Ата Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү. Агабыздын артында жакшы аты, жасаган эмгеги калды. Кыргыз эли мындай уулдарын эч качан унутпайт.

Учурда Кыргызстан ушундай адамдарга – Ата Мекен үчүн иштеген, таза, чынчыл, ак ниет инсандарга муктаж. Дооронбек агабыздын өмүр жолу ар бирибизди мекенчилдикке, жаратмандыкка, тазалыкка үндөп турат. Жаш муундарга элине, мекенине ак кызмат кылуунун үлгүсү болуп кала берет!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан