Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык соту Дмитрий Цойго карата чыккан биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Дмитрий Цойго карата чыккан биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-майда Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 8-майдагы чечимин күчүндө калтырды. Биринчи Май райондук соту “Интел-Линкс” жоопкерчилиги чектелген коомунун экс-директору Дмитрий Цойго карата баш коргоо чарасын карап, 2014-жылдын 6-июлуна чейин абакта болуу чечимин кабыл алган.

Айта кетсек, “паспорт падышасы” атыккан Дмитрий Цой 2014-жылдын 6-май күнү адам өмүрүнө кол салуу фактысына шектелип кармалган. Учурда Бишкектеги №1-СИЗОдо отурат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан