Президент Алмазбек Атамбаев кымбат баадагы операцияны талап кылган эки жаш балага акчалай жардам көрсөттү

Бүгүн, 11-январда президент Алмазбек Атамбаев кымбат баадагы операцияны талап кылган эки жаш балага  президенттик социалдык жактан коргоо жана колдоо фондунан материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйруктарга кол койду. Буйрукка ылайык, Алманбет Рахматуллаевге 250 миң сом, Калмырза Асылбек уулуна 100 миң сом бөлүндү. Эске салсак, 15 жаштагы Алманбеттин эки бөйрөгү ооруйт, ал эми Калмырза Асылбек уулунун жүрөгүнө операция жасоо үчүн 100 миң сом керек болгон. Белгилей кетсек, аталган балдардын ата-энелери ММКлар аркылуу акция жүргүзүп, операция үчүн каражат топтоп жатышкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан