Экс-мэр Нариман Түлеевдин иши боюнча сот отуруму 17-июнга жылды

Мурдагы шаар башчысы Нариман Түлеевдин иши боюнча сот отуруму жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Нариман Түлеевдин жактоочусу М.Осмонкуловдун өтүнүчүнө байланыштуу сот отурумун 2014-жылдын 17-июнуна жылдырды.

Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан