Бишкекте Ленин райондук сотунун кызматкери "пара алган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Ленин райондук сотунун судьясынын жардамчысы кылмыш ишинде туура чечим чыгарып берүү үчүн 50 миң сом талап кылып жатканын кабарлаган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кызматкер укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган.
Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы бул маалымат дагы такталып, толук маалымат берилерин айтты.