Жумгал районунда "тубаса дудук кызды зордуктаган" деген шек менен мурда соттолгон жаран кармалды

Жумгал районунда "тубаса дудук кызды зордуктаган" деген шек менен мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Жумгал РИИБи бүгүн, 28-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 22-май күнү саат 23:40 чамасында милиция кызматкерлерине Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын жараны, 2-топтогу майып, тубаса дудук К.А. аттуу айымды белгисиз адам зордуктап кеткендиги жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Кызыл-Жылдыз айылынын 1981-жылы туулган тургуну, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы Руслан Садыков кармалган. 

Эскерте кетсек, Р.Садыков буга чейин да кыз зордуктоо боюнча соттолуп, боштондукка чыкканына 9 гана күн болгон. Азыркы тапта ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, Жумгал РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта экени белгилүү болду.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jigit.paren
2014-05-28 20:06:09
атаны кокуй аййа кудайдын кунундо эле зордуктоо жаман ангилер кобойуп барататко, ушунун баарын бычып салса зордуктоо азайат беле.
+1
Aikoo2014
2014-05-28 22:33:54
Бечара кызга кыйын болуптур. Акыркы жанылыктар адамдын журогунун ушун алатко эхх.
+1
elina
2014-05-29 11:20:23
турмодон чыканына 9 гана кун болуптур, турмону бат эле сагынганго..........
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан