Алайда Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылган митингчилердин саны 400гө жетти

Бүгүн, 28-майда Алай районунда Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турушкан депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын саны 400гө жетти. Бул тууралуу депутатты колдоп чыккандардын бири Жаркынбай Косонов SUPER.KG порталына билдирди.

Айтымында, бул сан эртең дагы көбөйүшү мүмкүн.

Учурда митингчилердин саны 400гө жеткендиктен, кошумча дагы 1 боз үй Ош - Эркеч-Там унаа жолунун ортосуна тигилди. Эртең да биздин талаптарды колдогондор келишет”,- деди Косонов. 

Эгерде коюлган талап аткарылбаса, жол ачылбай турганын айтат ал.

Эскерте кетсек, 27-майда Алай районунда Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылган эл Ош - Эркеч-Там унаа жолун буушкан эле. 

Алайдагы митингдин жүрүшүнөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан