Жогорку Кеңеште “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат "Ветеринария жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Демилгечи аракеттеги мыйзам азыркы замандын талаптарына жооп бербестигин айтып, башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары эске алынганын белгиледи. Мыйзам долбоорунда жаңы түшүнүктөр – ветеринардык палата, мал ээлеринин жоопкерчилиги жана башкалар киргизилип, эпизотикалык карта иштелип, бардык аймактар зоналаштырыларын билдирди. “Мал ылаңдарынын катталышында жалаң эле ветеринария кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралбастан, учурунда вакцинация кылдырбаган мал ээлеринин да жоопкерчилиги каралып жатат”,- дешти демилгечилер.

Талкуу соңунда сунуш-пикирлерди 2-окууда эске алуу менен мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан