Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 30-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эл аралык макулдашууларды ратификациялоодо мамлекеттин ички жол-жоболорунун аткарылышы боюнча көчмө жыйын өткөрөт.
Көчмө жыйынга Жогорку Кеңештин, өкмөттүн аппаратынын, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, окумуштуулар менен эксперттер катышары айтылды.
Анда “КРнын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамдын жоболорунун колдонулушуна байланышкан маселелер талкууланат, эл аралык келишимдердин күчүнө кириши менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара натыйжалуу аракеттенүү жолдору каралат.