Тайырбек Сарпашев: "Дооронбек Садырбаев чындыкты ар дайым бетке айтчу"

Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 28-майда белгилүү мамлекеттик ишмер, КРнын Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Ага катышкан биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өлкө боюнча Д.Садырбаевдин тасмаларынын жумалыгы өткөнүн айтты. Бишкектеги 3 кинотеатрда да анын тасмалары тартууланып жатканын кошумчалады. 
"Дооронбек Садырбаев көрүнүктүү маданият ишмери гана эмес, чыгаан мамлекеттик ишмер болгон. Ар дайым чындыкты бетке айтчу, адилеттүүлүк үчүн тынымсыз күрөш жүргүздү. Ал өмүрүнүн аягына чейин искусстводогу, маданияттагы, саясаттагы ири фигура, таасирдүү инсан катары жашап өттү",- деди Сарпашев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан