40 миң сом пара алгандыгы үчүн түзөтүү колониясынын 2 кызматкери кармалды. Бул тууралуу күч органдары бүгүн, 28-майда билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери арыз ээсин издөөдө жүргөн апасын кармайбыз деп коркутушуп, пара талап кылып жатышканы тууралуу айтылган.
Түзөтүү мекемесинин эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.