Асылбек Жээнбеков: “Убагында вакциналар өз дарегине жетпей калганынан мал оорулары көбөйгөн”

Убагында вакциналар өз дарегине жетпей калгандыктан, мал оорулары көбөйгөн. Муну Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. Айтымында, сунушталып жаткан “Ветеринария жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алуу зарыл.  

“Албетте, бул мыйзам долбоорун идеалдуу дегенден алысмын. Бирок ветеринария тармагын тартипке келтиришибиз керек. Мындайда сөзсүз каршылыктар болот. Эски системде иштегендер бул мыйзам долбооруна каршы болушат. Убагында вакциналар өз дарегине жетпей калганынын кесепетинен мал ылаңдары көбөйгөн. Ошол эле учурда вакцинанын артынан байыгандар да бар. Мына ушундай жана депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, бул мыйзам долбоорун жакшылап бышырыш керек”,- деди төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан