Бүгүн Чүй облустук сотунда Шахида Аманбаева боюнча акыркы чечим чыгат

Бүгүн Чүй облустук соту 3,5 жылдан бери соттун өкүмүн күтүп келе жаткан Шахида Аманбаева боюнча акыркы чечимин чыгарат. Бул тууралуу анын жактоочусу Күмүшбек Ыбыкеев бүгүн, 29-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 27-май күнү облустук сотто Шахида Аманбаева, Урмат Аскеев жана Алишер Жумашевдин иши боюнча жарыш сөздөр айтылган. Бүгүн биринчи инстанциядагы соттун чечими күчүндө калат же жокко чыгарылат.

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган. Мына ошондон бери айыпталуучулар абакта соттун өкүмүн күтүп келишет. Буга чейин 2013-жылдын 12-декабрында Токмок шаардык соту жогоруда аты аталган айыпталуучуларды актаган. Бирок ал чечимге макул болбогон жабырлануучунун атасы доо арыз менен кайрылган. 2014-жылдын 20-май күнү Чүй облустук соту апелляциялык арызды карап, мамлекеттик айыптоочунун сунушу менен сот отуруму 27-майга жылган болчу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
realliver
2014-05-29 08:59:52
3,5 jyldan beri SIZOdo otursa, sottolup ketse dele chygaiyn dep kalat eken da
0
orozaliev86
2014-05-29 09:05:35
срогу деле бутуптур байкуш суйлой баса албай калыптыр
0
boztalaa
2014-05-29 09:28:15
Оор акыбалда экен кыз эгер ак болсо чыгарып койсо болмок аны кыйнабай
0
nabi89
2014-05-29 09:42:04
Аны бошотуп жиберсин биздин кыздар Адам олтурууго барышпайт ыймандуу кыргыз кыздары
+2
Alicia
2014-05-29 09:46:36
sotko cheinki olturgany 2 ese kop bolup eseptelinet bele?
0
Dadin
2014-05-29 10:42:02
Сизодо 1 кун олтурганы 3 кун болуп эсептелинет.Ошондо 3,5х3=10,5 жыл олтуруп коюптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан