Кечээ, 28-майда Иракта бир күндө эки жардыруу орун алып, анын кесепетинен 52 адам каза таап, 100дөн ашыгы жаракат алышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Акыркы жардыруу Мосул шаарында болуп, андан 21 адам каза тапты. Алардын 10у аскерлер",- деп кабарлаган Ирак полициясы.
Белгилей кетсек, ошол эле күнү Багдадда да жардыруу болуп, андан 16 адам каза тапкан.