Жети-Өгүз районунун 62 жаштагы тургуну айылдашын бычактап салган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 62 жаштагы Тимур аттуу тургуну 57 жаштагы айылдашынын үйүнө мас абалында барып, бир нече ирет бычак менен сайып жиберген. Алган жараатынан жабырлануучу окуя болгон жерде каза тапкан.
Учурда 62 жаштагы Тимур күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Иликтөөлөр жүрүп жатат.